Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Рыскул Боронбаев

Боронбаев: Көчмөндөр оюнуна костюмдарды ата мекендик уздар даярдайт

167
(жаңыланган 10:09 05.06.2018)
Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Рыскул Боронбаев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына каражаттын тартыштыгына карабай даярдык жакшы экенин белгиледи.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүмүндө кийилчү костюмдарды, кодонулуучу ат жабдыктарын толугу менен ата мекендик кол өнөрчүлөр даярдайт. Бул тууралуу Рыскул Боронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каражат маселеси толук чечиле элек, долбоорду колдой турган ири демөөрчүлөр азырынча жок. Ошентсе да даярдыктар жакшы.

"Кырчын жайлоосуна киргенден баштап байыркы кыргыз айылына түшүп калгандай элес калтыралы деп жатабыз. Ар бир майда нерсеге көңүл буруп, аракеттенүүдөбүз. Мурдагы эки оюнга салыштырмалуу өзгөчөлүктөр көп эле болот. Мисалы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Стивен Сигал келсе, бул жылы он чакты дүйнө жылдыздарын чакырууну пландап жатабыз. Ал эми декоративдик буюмдардын баарын өзүбүздүн уз-чеберлер, усталар жасайт. Ал үчүн жакында тендер жарыяланат", — деди Боронбаев.

Ал ошондой эле оюн көргөнү келген элди да улуттук кийим кийүүгө чакырды.

167
Белгилер:
маданият, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Рыскул Боронбаев
Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
Тема боюнча
Асанов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда