Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адылбеков: шаарды жашылдандырууга бир гана бийлик жооптуу эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер форума "ЖАШЫЛ upGRADe" Эрмек Адылбеков
Спикер форума ЖАШЫЛ upGRADe Эрмек Адылбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ЖАШЫЛ upGRADe" форумунун спикери Эрмек Адылбеков бак-дарактарды көбөйтүү боюнча олуттуу кадамдарды жасоо керектигин айтты.
Адылбеков: шаарды жашылдандырууга бир гана бийлик жооптуу эмес

Бишкекти жашылдандырууга ар бир жаран салым кошушу керек. Бул тууралуу Эрмек Адылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаарды жашылдандыруу үчүн бир гана мамлекет жооптуу эмес.

"Бишкекте бак-дарактар кыйылса баары эле мэрияны, бийликти күнөөлөп баштайт. Көпчүлүк арызданып, социалдык тармактарга пикирин жазат. Албетте, бул туура. Бирок шаарыбызды жашылдандырууга ар бир жаран салым кошушу керек. Эгер ар бирибиз бул маселе менен күрөшпөсөк бийлик бизди укпайт, алар бак кыйганды токтотпойт", — деди Адылбеков.

Ал шаарды көрктөндүрүү боюнча Сингапур шаарынан үлгү алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0