Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бердиев: Кыргызстан жаштары "Мен көчмөнмүн" акциясын өткөрүүдө

© Фото / Жээнбек СагыналиевIII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын ыктыярчылар менен иштөө багытындагы координатору Таалай Бердиев
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын ыктыярчылар менен иштөө багытындагы координатору Таалай Бердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катчылык Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жаштардын көмөгү чоң болуп жатканын белгиледи.
Бердиев: Кыргызстан жаштары "Мен көчмөнмүн" акциясын өткөрүүдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын ыктыярчылар менен иштөө багытындагы координатору Таалай Бердиев өлкө аймагында жигердүү жаштар тарабынан "Сен көчмөнсүңбү, анда мени кучакта" аталышындагы акция жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ыктыярчылыкка өтпөй калган жаштар да сыртта карап турбай, катчылыкка ар тараптуу колдоо көрсөтүшүүдө.

"Жалпы эле өлкө жаштарынан каалоочулар чогулуп алып, түрдүү акцияларды өткөрүп жатышат. Жакында эле "мен көчмөнмүн" деген жазууну тизилип жазып, үстүнөн видеого тартып интернетке таратышты. Ушундай кыймыл менен башталган акция "жети дубан, бир максат" деген аталышта аймактарда да уланат. Ошондой эле илимий конференцияларды өткөрүп, сахна жылдыздары менен биргеликте интернеттен көчмөндөр оюндарына чакырып жатышат. Мындан сырткары да көптөгөн колдоо иштерин жасашууда", — деди Таалай Бердиев.

Ал жаштардын мындай колдоосу катчылыктын жамаатын кубандырарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0