Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Көчөрбаев: дастандар жыйнагы сатылбайт, бирок жайылтууга кызыкдарбыз

Жазылуу
"Дастанчы" коомдук фондусунун тең төрагасы, манасчы Самат Көчөрбаев фонд тарабынан "Улуу Мурас" долбоорунун алкагында чыгарылган дастандар жыйнагы музыкалык окуу жайларга бекер таратыларын айтты.
Көчөрбаев: дастандар жыйнагы сатылбайт, бирок жайылтууга кызыкдарбыз

Дастандар жыйнагы сатыкка чыкпайт, бирок биз элге жайылтууга кызыкдарбыз. Мындай пикирин Самат Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, беш кенже эпос өз-өзүнчө дискке жазылган альбомдон 400ү чыгарылган.

"Биздин максат — дастанчылык өнөрдү элге жайылтуу. Ушул "Улуу Мурас" долбоорубуздун арты менен бир бала дастанчылыкка кызыгып калса, демек биз максатыбызга жеттик деп эсептесек болот. Дастандардын эң кыскасы 30 мүнөт болсо, узуну 2,5 саатка барабар. Долбоор эл аралык "Кристенсен" уюму тарабынан каржылангандыктан, сатыкка чыкпайт, бирок биз массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткиребиз деп ойлойм", — деди Көчөрбаев.

Ал аталган фонд мындай долбоорлорду жасоону улантарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, калкка белгилүү өнөр адамдары Өмүрзак Кайыпов, Токтобек Асаналиев жана Самат Көчөрбаев негиздеген "Дастанчы" фонду "Курманбек", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш", "Карагул ботом" жана "Аксаткын менен Кулмырза" кенже эпосторун аудиолоштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0