Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдубаев: ЖМК үстүнөн даттануу боюнча комиссия түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековМедиа-эскперт Толкунбек Турдубаев
Медиа-эскперт Толкунбек Турдубаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиа-эксперт Толкунбек Турдубаев комиссиянын максаты арыздарды иликтөө экенин айтты.
Турдубаев: ЖМК үстүнөн даттануу боюнча комиссия түзүлдү

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн даттануу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Толкунбек Турдубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн комиссияга ар бир жаран кайрыла алат.

"Комиссиянын максаты — ЖМКларга карата түшкөн даттанууларды карап, изилдеп, анализ жүргүзүү. Маалыматтан жабыркаган жаран менен журналисттин, же бир компаниянын ортосундагы түшүнбөстүктөрдү жөнгө салып, эки тарапты бир пикирге келтирүүгө аракет кылат", — деди Турдубаев.

Ал азыркы кезде комиссияга Бишкектен эле эмес, аймактардан да кайрылган жарандар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0