Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адылбеков: абанын булганышынан жыл сайын 7 млн. киши каза табат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер форума "ЖАШЫЛ upGRADe" Эрмек Адылбеков
Спикер форума ЖАШЫЛ upGRADe Эрмек Адылбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ЖАШЫЛ upGRADe" форумунун спикери Эрмек Адылбеков акыркы жылдары Бишкектин абасы өтө начарлап кеткенин айтты.
Адылбеков: абанын булганышынан жыл сайын 7 млн. киши каза табат

Жыл сайын дүйнө жүзүндө абанын булганышынан 7 миллион киши каза табат. Бул тууралуу Эрмек Адылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч вич оорулары жана согуштан курман болуп жаткандардын санынан бир топ эсе жогору.

"Бишкектин абасы жогорку деңгээлде булганыч экени баарыбызга маалым. Бул тууралуу шаар тургундары да айтып, социалдык тармактарга пикирлерин жазып келет. Жакында эле дүйнөдөгү белгилүү медициналык журнал абанын булганышынан жыл сайын 7 миллион киши каза болорун жазып чыкты. Мындай көрүнүш албетте өкүнүчтүү жана бул көрсөткүч согуштан жана ар кандай оорулардан көз жумгандардын санынан да көп болуп жатат. Ошондуктан, бул нерсени алдын алуу багытында "ЖАШЫЛ upGRADe" сыяктуу форумдарды бат-баттан өткөрүп туруу керек", — деди Адылбеков.

Ал таза абаны сактап калуу дүйнөдөгү орчундуу көйгөйлөрдүн бири экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0