Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арстанкулов: Быйыл Улуттук госпиталга 140 жыл толду

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Талант Арстанкулов
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Талант Арстанкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Талант Арстанкулов учурда оорукананын 40тан ашуун бөлүмү бар экенин айтты.
Арстанкулов: Быйыл Улуттук госпиталга 140 жыл толду

Быйыл Улуттук госпиталга 140 жыл толду. 1878-жылы алгачкы жолу азыркы госпиталдын ордунда бир оорулууну жаткырып дарылоочу бейтапкана ачылган. Бул тууралуу Талант Арстанкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорукана кийинчерээк 50 кишини бир убакта дарылаганга жетишсе, учурда 1000ден ашуун бейтапты жаткырып, дарылоо мүмкүнчүлүгү бар.

"Бир кылымдан ашык тарыхы бар бул мекемеде өз кесибин сүйгөн, чыныгы адистер иштейт деп айта алабыз. Анткени өзүбүздүн эле эмес, кошуна мамлекеттен келип кайрылган бейтаптардын жылдан-жылга көбөйүп жатканы буга далил. Учурда бардык тармакта дарыгерлер жетиштүү, бирок акыркы жылдары бөйрөк оорулары күчөп жаткандыктан бул багыттагы адистерге муктажбыз", — деди Арстанкулов.

Ал Улуттук госпиталдын 140 жылдык мааракесине байланышкан салтанат ушул жылдын 5-октябрында өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0