Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомушев: ишке ашпай турган максаттар депрессияга кабылтат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий отделением неврологии №1, главный внештатный невролог Министерства здравоохранения КР Чоро Токтомушев
Заведующий отделением неврологии №1, главный внештатный невролог Министерства здравоохранения КР Чоро Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы неврологу Чоро Токтомушев киши нерв оорууларына чалдыкпаш үчүн сабырдуу болуш керектигин айтты.
Токтомушев: ишке ашпай турган максаттар депрессияга кабылтат

Киши өзүнө реалдуу эмес план коюп, ага жетпей калган учурда депрессияга чалдыгат. Бул тууралуу Чоро Токтомушев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, киши бардык кырдаалга даяр болушу керек.

"Адам алдына реалдуу максаттарды кое билүүсү шарт. Эгер тилегине жетпей калса депрессияга чалдыгып, нерв клеткалары бузулат. Мисалы, дүйнөлүк деңгээлде актриса болом деген кыздардын баары чет жакта киного тартыла албайт. Мына ушул нерселерди эске алып, айланадагы кишилерге сабырдуулук менен мамиле жасоого тийишпиз", — деди Токтомушев.

Ал нерв оорусу учурдун көйгөйү экенинин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0