Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Стамбеков: каза болгон 24 жаштагы келин жүрөк оорулуу болгон

© Фото / Зульфия ТургуноваГлавный врач Ошского городского родильного дома Мырза Стамбеков
Главный врач Ошского городского родильного дома Мырза Стамбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөттөн үч күн өткөн соң келинди көрсөтүү үчүн кардиологдор чакыртылган.
Стамбеков: каза болгон 24 жаштагы келин жүрөк оорулуу болгон

Ошто төрөгөнүнө эки апта өтүп-өтпөй каза болуп калган келиндин жүрөгү ооруп жүргөн. Бул тууралуу ал көз жарган гинекологиялык жеке клиниканын башкы дарыгери Мырза Стамбеков Sputnik агениттигинин кабарчысына айтып берди.

Келин кош бойлуу кезинде Ош шаарындагы Жийделик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда диспансердик каттоодо турган.

"Ал бизге 30-май күнү толгоосу башталганда кайрылган. Диагнозу 37 айлык кош бойлуулук жана өпкөдөгү кан басымынын жогорулашы болчу. Мурда жүрөгү ооругандыктан, каттоодо туруп, дарыланып жүргөн экен. Операция жолу менен төрөй турганын алдын ала өзү билген, андыктан моралдык жактан даяр болчу. Операция алдында жүрөгү боюнча көрүнүп жүргөн дарыгерлер менен сүйлөшүп, алардын сунуштамасы боюнча иш кылганбыз. Операция 25 мүнөткө созулган", — деди дарыгер.

Маалыматка караганда, төрөттөн үч күн өткөн соң келинди көрсөтүү үчүн кардиологдор чакыртылган.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жатын моюнчасындагы эрозиянын жеткен чеги — рак. Гинеколог илдет тууралуу
"Адистер жүрөктү магниттик томографияга тартып көрүү керектигин айтышты. Анткени мурда тромбоэмболиялык оорусу болгон экен. Ошол кайталанбайбы деп карап көрүү керек эле. Тилекке каршы, диагноз такталып, биз оорулууну Оштогу облустар аралык клиникалык оорукананын кардиология бөлүмүнө котордук. Андыктан келиндин каза болгонуна төрөттүн тиешеси жок", — деп түшүндүрдү Стамбеков.

7-июнь күнү кардиология бөлүмүнө которулган оорулуу 12-майда таңкы саат 5.30да көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0