Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Серекова: бүтүрүүчүлөр сынактарды иш берүүчүлөргө тапшырат

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор профессионального лицея №93 Анара Серекова
Директор профессионального лицея №93 Анара Серекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директору Анара Серекова аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 70-80 пайызы диплом алганча эле иш менен камсыз болуп жатканын айтты.
Серекова: бүтүрүүчүлөр сынактарды иш берүүчүлөргө тапшырат

Башка окуу жайлардан айырмаланып, №93 кесиптик лицейде мамлекеттик бүтүрүү сынактарын иш берүүчүлөр алат. Мыкты окугандарын ошол жерден эле өз ишканасына жумушка чакырышат. Бул тууралуу Анара Серекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде кесиптик окуу жайлар тууралуу маек куруп жатып билдирди.

"Учурда заман талабына ылайык биздин лицейге тапшырууну каалагандардын саны арбыды. Компьютер, үй-тиричилик жабдыктарын, уюлдук телефондорду, тигүүчү машиналарды оңдоочу механтиктерди даярдап чыгарабыз. Замандан артта калбайлы деп мугалимдерибизди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашууга жиберип турабыз. Сабактарыбыз дээрлик бардыгы тажрыйба жүзүндө өтөт. Бизге жогорку окуу жайын аяктап алып да кайра кесиптик билим алуу үчүн келип окугандар бар. Мугалимдердин айлык маянасынын аздыгын айтпаганда баары жакшы", — деди Серекова.

Ал ата-энелерди балдарына алгач кесиптик билим берип, андан соң гана ЖОЖ жөнүндө ойлонууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0