Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: бала бакчаларда улуттук оюндарды үйрөтүүгө басым жасалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова. Архив
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова балдарды мекенчилдикке үйрөтүү максатындагы программалар бала бакчалардан баштап иштеп жатканын айтты.
Жусупбекова: бала бакчаларда улуттук оюндарды үйрөтүүгө басым жасалууда

Бала бакчаларда улуттук оюндарды үйрөтүүгө басым жасалууда. Тогуз коргоол, ордо оюндары балдардын кичинекей чагынан эле үйрөтүлө баштады. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук оюндарды балдарга үйрөтүүдө атайын тарбиячылар да даярдыктан өтүшөт.

"Мамлекеттик бала бакчаларда салттык оюндарга өзгөчө көңүл бурулууда. Балдар бир нерсеге жан дили менен берилгендиктен, жаңы бир программаны киргизип жатканда акырындык менен этап-этапка бөлүп иштеп чыгабыз. Бул балдардын тажабай, кызыгуу менен үйрөнүүсүнө шарт түзөт. Биз ата-энелерден суранып кетет элек, сиздин балаңыз барып жаткан бала бакча тууралуу бизге кайрылганда коркпой эле эмнеси бар, эмнеси сизге жакпай жатканын айтсаңыздар. Биз ошол бала бакчага методикалык китептерди берип, башка бир маалыматтарды жеткирип, көмөк көрсөтөбүз" — деди Жусупбекова.

Ал улуттук оюндар программасы мектептерде да дене тарбия сабактарына киргизилип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0