Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: Кытай карызыбыз үчүн жерибизди алып кое албайт

© Sputnik / Исмаил МамытовМурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов айрым саясатчылар тышкы карыз маселеси менен элди дүрбөтүп, өздөрүн жарнамалоо аракетин көрүп жаткандыгын айтты.
Жекшенкулов: Кытай карызыбыз үчүн жерибизди алып кое албайт

Кытай карызыбыз үчүн жерибизди алып кое албайт. Бул эл аралык мамилелерге туура келбейт. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Дүйнөдө бардык эле мамлекеттер бири-биринен карыз алат. Бул экономикалык саясат. Биздин мамлекеттин сырткы карызынын 50 пайызга жакыны бир эле өлкөгө, тактап айтканда, Кытайга болгондуктан, аны учурунда төлөй албай калсак жерибизди алып коет деген пикир туура эмес. Буга эл аралык мамилелер жол бербейт, кыргыз калкы да карап эле отуруп калбайт. Ошентсе да элдин азыртан баштап бул маселеге көңүл буруп, бийликтен анын өз убагында төлөнүшүн талап кылып жаткандыгы абдан туура", — деди Жекшенкулов.

Ал учурдагы көп маселелер өлкө бийлигинин саясий эркине байланышуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0