Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: саясий туруктуулук жок өлкөдө өнүгүү болбойт

© Sputnik / Исмаил МамытовДоктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев өлкөнү өнүктүрүү үчүн өндүрүштү жандандыруу зарылдыгын айтты.
Сарыбаев: саясий туруктуулук жок өлкөдө өнүгүү болбойт

Саясий туруктуулук жок өлкөдө өнүгүү болбойт. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, демократиялуу мамлекетпиз деп эле кайра-кайра өкмөт алмаштыруу экономикага терс таасирин тийгизүүдө.

"Саясий туруксуздуктан улам сырттан келген инвестор эмес, өзүбүздүн ишкерлер өлкөдөн качып кетип жатышат. Биз аларга шарттарды түзүп бербей, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратып жатабыз. Салык маселесинде да, бизнес жүргүзүү механизмдеринде да мүчүлүштүктөр чоң. Тиешелүү органдар аларды жолго салбай эле кызмат бөлүшүү менен алектенип келе жатат. Өлкөдө экономикалык өсүш болуусу үчүн биринчи кезекте саясий туруктуулукту камсыздашыбыз керек", — деди Сарыбаев.

Ал саясий туруктуулук болсо Кыргызстандын көп тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0