Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абетекова: максатыбыз – кыргыз музыкасын байытуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Алтынай Абетекова. Архив
Кыргыз кайрык долбоорунун жетекчиси Алтынай Абетекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Алтынай Абетекова кыргыз музыкасын башка элдин чыгармалары менен кошо жандандыруу керектигин айтты.
Абетекова: максатыбыз – кыргыз музыкасын байытуу

"Кыргыз кайрык" долбоору улуттук музыканы жайылтууну көздөйт. Негизги максатыбыз – кыргыз музыкасын байытуу. Бул тууралуу Алтынай Абетекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир гана элдин музыкасы менен чектелбей башка улуттардын обондорун да үйрөнүү керек.

"Долбоордун алкагында кыргыздын гана салттык музыкаларын эмес кошуналардын да кайрыктарын тааныштырууну максат кылып жатабыз. Башка эл менен аралашуу аркылуу кыргыз музыкасын байытууга аракеттенебиз. Албетте бир гана элдин чыгармачылыгын үйрөнгөн кишилер да арбын. Бирок бир эле учурда бир канча элдин маданиятын билип, музыкаларын түшүнсө, жакшы жетишкендик", — деди Абетекова.

Ал "Кыргыз кайрык" долбоорун эл аралык деңгээлге чыгарууну ойлоп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0