Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Матанов: жаш балдар телефонсуз 10 күн жашагандыгы үчүн кубанышты

© Фото / Айдай Асаналы"Айыл кэмп" этно лагеринин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов
Айыл кэмп этно лагеринин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айыл кэмп" этно лагеринин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов аталган лагерде эс алгандар 10 күн бою улуттук баалуулуктар тууралуу маалымат алгандыгын айтты.
Матанов: жаш балдар телефонсуз 10 күн жашагандыгы үчүн кубанышты

"Айыл кэмп" лагеринде эс алган жаш балдар телефонсуз 10 күн жашагандыгы үчүн кубанышты. Бул аралыкта алар интернетсиз жашоо кызыктуу экенин баамдай алды. Мындай пикирин Жакшылык Матанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдар телефон ойногондун ордуна жаңы досторду таап, алар менен жандуу сүйлөшкөн пайдалуу экенине ынанышкан.

"Аталган этно лагердин 1-тобу 10 күндүк эс алуудан кайтып келди. Бул аралыкта балдар телефонсуз жашап, улуттук баалуулуктар менен жакындан тааныша алды. Кыргыз жыттанган лагерь болгондуктан, балдардын жада калса интернетти ойлогонго да убактысы болгон жок. 10 күн бою жаратылыштын кучагында, кыргыз баалуулуктарын үйрөнүп, улуттук тамак-аштардан даам татып, нукура ата-бабаларыбыздын жашоосунда жашашты. Болгону бир күндө бир жолу балдар ата-энеси менен бир мүнөттөй телефон аркылуу байланышып турду", — деди Матанов.

Ал "Айыл кэмп" этно лагеринин 1-тобунда 60 бала эс алып келгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0