Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: парламенттик шайлоодо оюн эрежелери так аныкталышы керек

Жазылуу
Өлкө башчысы 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоо ачык, таза, адилеттүү өтүшүнө азыртадан баштап кам көрүү керектигин айтты.
Жээнбеков: парламенттик шайлоодо оюн эрежелери так аныкталышы керек

Парламенттик шайлоодо оюн эрежелери так аныкталышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, үгүт иштерин адилеттүү жүргүзүүгө жетишип, алдын ала добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жоюу зарыл.

"Бардык өзгөрүүлөр, тиешелүү мыйзам нормалары шайлоого бир жыл калганга чейин кабыл алынып, "оюн эрежелери" так аныкталып, кийин өзгөрбөй, туруктуу болушу зарыл. Шайлоого катыша турган бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп, анык саясий атаандаштыкты камсыздоого жетишибиз керек", — деди президент.

Андан сырткары, партиялар тизме түзгөндө ага өтө кылдаттык менен мамиле кылып, кийин ал өзгөрүп кетпегидей чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0