Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назарбеков: куткаруучулар эки жумалык даярдоо курсунан өтүшөт

© Sputnik / Максат ЭлебесовӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков. Архив
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков эрежеге ылайык бардык сууга түшүүчү жайларда куткаруучулар болушу керектигин айтты.
Назарбеков: куткаруучулар эки жумалык даярдоо курсунан өтүшөт

Куткаруучу болууну каалагандар эки жумалык даярдоо курстарынан өтүшөт. Башкы талап ден соолугу чың, сууда жакшы сүзө алган жаран болуусу зарыл. Бул тууралуу Мелис Назарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде сууга түшүү коопсуздугу туурасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, куткаруучу болуп жумушка орношууну каалагандар ӨКМдин суучулдар бөлүмүнө кайрылса болот.

"Азыркы учурда окутуу жүрүп жатат. Куткаруучулукка башкы талаптар чымыр денелүү, ден соолугу чың, сууда жакшы сүзө алган адам болушу керек. Алар сууга чөгүп бараткан адамды кантип куткаруу керектигин, аны жээкке туура жеткирүү жана тез жардам келгенче алгачкы медициналык жардамдарды туура көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Андан соң сертификаттарга ээ болушат да жеке бассейн, көлмөлөрдө же аймактарда куткаруучу болуп иштей беришет. Жыл сайын билимин жогорулатып, окуудан өтүп турушат", — деди Назарбеков.

Ал кырсыкка кабылган учурда 112 номерине чалуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0