Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурлан кызы: эрте турмушка чыкканды токтотуу жолун Малайзияда талкууладык

© Фото / предоставлено Наргизой Нурлан кызыЧлен общественного фонда "Федерация девушек Кыргызстана" Наргиза Нурлан кызы
Член общественного фонда Федерация девушек Кыргызстана Наргиза Нурлан кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан кыздар федерациясы" коомдук уюмунун мүчөсү Наргиза Нурлан кызы эрте куракта турмушка чыгуу маселеси 25-27-июнда Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында талкууга алынганын айтты.
Нурлан кызы: эрте турмушка чыкканды токтотуу жолун Малайзияда талкууладык

Эрте турмушка чыкканды токтотуу жолдорун Малайзияда талкууладык. Бул тууралуу Наргиза Нурлан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында дүйнөлүк деңгээлдеги GIRLS NOT BRIDES деп аталган конференция өтүп, ага 300дөн ашуун уюмдан 500дөй катышуучу барган. Алардын көпчүлүгүн Индия, Африка, Европа мамлекеттеринен келген түрдүү уюмдар түзгөн. Ал эми Борбор Азия чөлкөмүнөн болгону эки гана өкүл катышкан.

"Экөөнүн бири мен болсом, экинчиси Казакстандан келген катышуучу болду. Конференциянын негизинде эрте жашта турмуш курууну токтотуу жолдору каралып, ар бир уюмдун өкүлдөрү пикирлери менен бөлүштү. Мен дагы бул маселе биздин өлкөгө канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизип жатканы жана кыздардын укугу мамлекет жана коом тарабынан коргоого алынышы керектиги тууралуу доклад даярдадым. Кыргызстандагы кыздар ала качуу жана жашы жете электе турмуш курууга каршы экендигин билдирдим", — деди Нурлан кызы.

Ал конференциядан тышкары Куала-Лумпур шаарынын кооз жерлерин, баалуулуктарын, тамак-ашын көрүү мүмкүнчүлүгү болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0