Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 126 миң гектардан ашык жерди чегиртке басты. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, зыянкеч чегирткелер каптаган жердин 121 миң гектары дарылоо иштеринен өтүп бүттү.
"Мындай көрүнүшкө биз даярданганбыз. Анткени чегирткелердин каптоосу 8-10 жылда бир кайталанып турат. Мындан 10 жыл мурда 2008-жылы да чегиртке каптаган. Учурда 126 миң гектардын 95 пайыздан ашык жерине дарылоо иштери жүргүзүлүп бүттү. Биз даяр болгондуктан, химиялаштыруу иштери ыкчам болду", — деди Алакунов.
Ал чегирткелердин айдоо аянттарына жайылуусу дыйкандарга зыян алып келбегенин кошумчалады.
Өлкөдө 65 мамлекеттик, 3000ден ашуун ведомстволук архивдер болсо, анда иштеген адистердин 12синин гана тиешелүү багытта диплому бар. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Архив агенттигинин өзүндө эле республика боюнча 500дөй кызматкер эмгектенет.
"Архив агенттигиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси. Учурда архивист деген дипломдун ээси, башкача айтканда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана сактоо боюнча атайын билими бар 12 гана кызматкерибиз иштейт. Алар мындан бир топ жыл мурда Кусеин Карасаев атындагы БГУда ачылган архивист факультетинен билим алгандар. Тилекке каршы, бул окуу бөлүмү 4-5 жылдан кийин жабылып калган. Азыр республикадагы бир дагы окуу жай бул кесипке адис даярдабайт. Андыктан биз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, адистерибизди кыска мөөнөттүү же квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жиберүүгө аргасызбыз. Бул маселе боюнча Түркия жана Россия менен тыгыз иштешүү алдында турабыз. Россияга аспирантурадан билимин тереңдетип келүү үчүн бизде иштеп жаткан ошол дипломдуу 12 адисти жиберүү боюнча макулдашылды", — деди Ырысалиев.
Адис эл аралык же жеке менчик багыттагы компаниялар да архив кызматкерин жумушка алуу боюнча кайрылуу жолдошорун, бирок бул багытта кадрдык резерв жок экендигин кошумчалады.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.
"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өткөн аптада коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчүн каттаган. 11-январдан 17сине чейинки аралыкта дүйнө жүзү боюнча 93,3 миң киши COVID-19 илдетинен көз жумган. Ага чейин 86,4 адам каза болгон көрсөткүч эки апта мурда катталган.
Өткөн жумада илдетке чалдыккандар 4,7 миллионго жетти. Ал эми оорудан көз жумгандар жалпысынан эки миллиондон ашкан деп саналууда.