Айыл чарба тармагы толук кандуу тамчылатып сугаруу системасына өтүшү керек. Бул тууралуу Манас Саматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган системаны пайдалануу менен суу бир топ үнөмдөлөт.
"Жер иштетүүдө көптөгөн каталарды кетирип келебиз. Көпчүлүк учурда бак тигип, анын астына жер айдап, картошка тигип салабыз. Мындай кылуу таптакыр туура эмес. Бак тиккенден киийн анын жанына бактан башка эч нерсе өстүрбөш керек. Анткени жердеги азыктын баары бир гана бакка бөлүнүшү шарт. Жада калса отоо чөп баспаш керек. Дагы бир көйгөй — тамчылатып суугаруу системасына өтпөй жатканыбыз. Эгер бул системаны толук өздөштүрүп алсак суу бир топ үнөмдөлмөк", — деди Саматов.
Ал дыйкандардын ысык жакта өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди салкын аймакта өспөйт дегени туура эмес түшүнүк экенин кошумчалады.
Эгер телефондун кубаттуулугу кармабай калса алмаштырса болот. Бирок Кыргызстанга оригинал аккумуляторлор алып келинбегендиктен, бир аз начарласа анда алмаштырбай эле койгон оң. Себеби кубаттуулугу ашып кетсе бир саатка көбүрөөк жетип калат. Бул тууралуу Бекжан Шакенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башка смартфондорго салыштырмалуу Redmi компаниясынын аппараттарынын батарейкасы көпкө чейин жеткендиктен бул гаджет студенттерге ылайыктуу.
"Жыл сайын технология өнүгүп турат. iPhone, Samsung жана Xiaomi компаниялары бири-биринен өзгөчөлөнүп смартфондун жаңы версияларын чыгарууда. Gorilla Glass 5-муундагы чыккан смартфондор кымбат келип, жалпы корпусу темирден, алды-арты айнектен жасалат. Желим жана темирден жасалгандары орто бюджетте болот. Негизинен мындай телефондорду Samsung, Redmi өндүрөт. Жаңы телефон алып жатканда тандоодо эч кандай маселе деле жаралбайт. Мүнөздөмөсүн интернеттен окуп, сизге керектүүсүн алсаңыз болот. Ошондой эле сатуучу кепилдик берип, эгер өндүрүштүк кемчиликтер болсо алмаштырып берет. Ал эми колдонулган телефон аларда кылдат текшерип алган оң. Өзгөчө iPhone аппаратынын көп нерсеси оңой алмашат. Алгач тескөөсүнө кирип батарейканын абалын караңыз. Эгер 100 болсо жаңы салынган. Сырткы абалына, чийиктерине көңүл бөлүңүз. Сырткы камерасынын объективинин ичинде чаң туруп калса анда смартфон ачылган", — деди Шакенов.
Адис смартфонду таптакыр өчө электе кубаттап жана 100 пайызга жеткирбей токтон чыгарса батарейка көпкө жетерин кошумчалады.
Таксист орой мамиле кылса жоопкерчиликке тартуу үчүн аны далилдөө зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда тартиптик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.
"Такси же коомдук транспорттун айдоочусу орой сүйлөп, урушса, маскараласа аны далилдөө зарыл. Ал үчүн видео, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана башка далилдер тиркелет. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү далилдер менен милицияга кайрылуу шарт. Ички иштер органдары кандай учур болбосун карашат жана бул нерсе укук бузуу экендигин аныкташат", — деди Бакиров.
Юрист орой айдоочуну тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн транспорттук мекеменин жетекчилигине кайрылуу керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн аталган өлкөнүн спорттук күрөш ассоциациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.
Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини жеңди. Ал эми чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) утуп алган.