Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мырзалиев: ондон ашуун эки жыныстуу адамга операция жасадык

© Sputnik / Асель АкматалиеваУлуттук Госпиталга караштуу урология илимий борборунун заара таштар оорусу бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев
Улуттук Госпиталга караштуу урология илимий борборунун заара таштар оорусу бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук Госпиталга караштуу урология илимий борборунун заара таштар оорусу бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев жыныс органдарына жасалуучу операциялар өтө оор операциялардын катарына кирерин айтты.
Мырзалиев: ондон ашуун эки жыныстуу адамга операция жасадык

Ондон ашуун эки жыныстуу адамга операция жасалды. Медицинада гермафродитизм деп аталат. Бул тууралуу Жуман Мырзалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай операциялардын юридикалык жагы да кылдат текшерилет.

"Адам эки жыныстуу болуп төрөлүп калган учурда аны дыкат медициналык текшерүүдөн өткөргөн соң организми кайсы жыныска тиешелүү болсо ошол жынысы калып, экинчисин алып салабыз. Албетте мындай операцияны бир эле хирург жасап кое албайт. Юридикалык жагы да өзүнчө каралат. Ал эми бир жыныстан экинчи жыныска өтөм деп кайрылган жарандарды алгач психологиялык текшерүүгө жөнөтөбүз. Айрымдары ошол жактан эле баш тартып, кайра бизге келишпейт. Жалпысынан мындай операциянын ондон ашуунун жасадык", — деди Мырзалиев.

Ал мындай операция жасалчу адамдар узак убакытка гормоналдык дарыларды кабыл алышы керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0