Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карагул уулу: 2019-жылдан тартып социалдык төлөмдөр салык кызматына өтөт

© Sputnik / Алимджан ВалиевСтатс-секретарем ГНС Карагул уулу Жакып
Статс-секретарем ГНС Карагул уулу Жакып - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын стат-катчысы Жакып Карагул уулу салык системасында коррупцияны жоюу максатында салык төлөө кызматтары электрондошуп жатканын айтты.
Карагул уулу: 2019-жылдан тартып социалдык төлөмдөр салык кызматына өтөт

2019-жылдан тартып социалдык төлөмдөр салык кызматына өтөт. Мындай кадамдар жарандарга ыңгайлуу болуусу үчүн жасалууда. Бул тууралуу Жакып Карагул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор пилоттук негизде учурда Бишкек шаарынын Октябрь жана Чүй облусунун Сокулук районунда ийгиликтүү иштеп жатат.

"Социалдык төлөмдөр республика боюнча 2019-жылдан баштап салык кызматына өткөрүлүп берилет. Бул биринчи кезекте жарандардын убактысын үнөмдөйт. Бир ишин бүтүрүш үчүн эки органга барып отурбай, бир эле жерден төлөм жүргүзө алышат. Ошондой эле төлөмдөр электрондошкондуктан, коррупциялык кадамдар да кескин түрдө кыскарат", — деди Карагул уулу.

Ал үстүбүздөгү жылдан баштап, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияны кадр кызматына эмес, салык кызматына тапшырышаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0