Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусабаев: студент практика учурунда кырсыкка кабылса ишкана жооп берет

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления ОАО "Дос-Кредобанк" Данияр Мусабаев
Председатель правления ОАО Дос-Кредобанк Данияр Мусабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ДосКредоБанк" банкынын төрагасы Данияр Мусабаев студент практика өтөөгө келгенде сөзсүз түрдө келишим түзүлүшү керектигин айтты.
Мусабаев: студент практика учурунда кырсыкка кабылса ишкана жооп берет

Студент практика учурунда кырсыкка кабылса компания жооп берет. Бул келишимде көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Данияр Мусабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, банктар келишими жок практика өтөөгө ала албайт. Окуу жай менен же студенттин жеке өзү менен келишим түзөт.

"Бизди улуттук банк жана башка органдар текшерип турушат. Андыктан биз келишими жок бир дагы студентти практика өтөөгө кабыл албайбыз. Ошол келишимде практиканттын милдеттери менен бирге укуктары да көрсөтүлөт. Эгер ал практика өтөө учурунда кырсыктаса ишкана чыгымын төлөйт. Практика убактысы бүтүп, көчөгө чыгып машина сузүп кетип же башка кырсыктарга кабылган учурда да жардам берип келебиз" — деди Мусабаев.

Ал IT адистигинде окуган студенттер банктан практикадан өтүп, иштеп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0