Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тургуналы Мамай: кыргыз болуп кыргыз бийин бийлей албагандарга таң калам

Жазылуу
Этно бийчи Тургуналы Мамай кыргыз бийинин 19 түрүн камтыган "Көчмөн кыргыз бийи өнөрү" аттуу китебинин бет ачары болгонун айтты.
Тургуналы Мамай: кыргыз болуп кыргыз бийин бийлей албагандарга таң калам

Кыргыз болуп өзүнүн улуттук бийин бийлей албагандарга таң калам. Бул тууралуу Тургуналы Мамай Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук бийлерди форма кийип алып сахнада гана бийлебеш керек.

"Кыргыз бийин сахнадан тышкары да бийлеп, жайылтуу зарыл. Мен кыргыз болуп туруп кыргыз бийин бийлей албагандарга таң калам. Эмне үчүн тойлордо батыштын, кавказдардын музыкаларына бийлеш керек? Жакшылыктарда кыргыз бийине да бийлесе бул абдан жакшы көрүнүш эмеспи. Улуттук бийибиздин ар бир кыймылында терең маани камтылган. Мына ушул бийдеги ар бир кыймылдын философиялык маанисине түшүндүрмө берип "Көчмөн кыргыз бийи өнөрү" аттуу китеп жаздым", — деди бийчи.

Ал аталган китепке чет элдиктер да кызыгып жатканын, жакынкы күндөрдө эмгеги башка тилдерге да которула турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0