Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков

Өмүрзаков: жаштардын көпчүлүгү үй-бүлө пландаштырууну билбейт

93
(жаңыланган 16:27 12.07.2018)
Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков пландалган үй-бүлө аялдардын келечеги үчүн жакшы экенин айтты.

Жаштар үй-бүлө пландаштырууну билиши керек. Бул тууралуу Медер Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эки жаш баш кошуп жатканда алдыдагы максаттарын так билүү керек.

"Азыркы кезде жаштардын басымдуу бөлүгү үй-бүлө пландаштырууну билбейт. Бул нерсеге көңүл кош мамиле жасап, олуттуу көз карашы жок. Биз түшүндүрүү иштеринде дайыма пландалган үй-бүлөдө күтүп көргөн бала төрөлөрүн айтып келебиз. Мунун натыйжасында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн санын азайта алабыз", — деди Өмүрбеков.

Ал жаштар арасында үй-бүлөнү пландаштырууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келерин кошумчалады.

93
Белгилер:
жоопкерчилик, үй-бүлө
Тема боюнча
Ормонбекова: учакта көз жаруу кооптуу эмес
Пикирлер