Улуттук госпиталдын ичеги-карын жана бездер хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Долон Сакмаматов

Сакмаматов: организмди йод берип үйрөтпөш керек

(жаңыланган 17:24 12.07.2018)
Улуттук госпиталдын ичеги-карын жана бездер хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Долон Сакмаматов богок оорусуна көбүнчө аялдар чалдыгарын айтты.
Сакмаматов: организмди йод берип үйрөтпөш керек

Организмди йод берип үйрөтпөш керек. Ал өзү күрөшүп, жетишпеген йодду тапканга аракеттенгени жакшы. Бул тууралуу Долон Сакмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан — эндемикалык, башкача айтканда, йод жетишпеген аймак болуп эсептелет. Андыктан йоддолгон тузду гана колдонуу зарыл.

"Деңиз жээгиндеги өлкөлөрдө жашагандар йоддун 60 пайызын аба аркылуу алат. Бул көрсөткүч бизде 5-10 пайызды гана түзгөндүктөн, ашканада йоддолгон тузду колдонуу сунушталат. Ал эми йоддун өзүн таблетка же башка түрүндө кабыл алып, организмди үйрөтпөш керек. Адам жеп, ичкен тамактардан өз алдынча йодду таап, табигый жол менен ага ээ болгону жакшы. Эгер биз даяр йоддун өзүн ичип алчу болсок, организм күрөшүүсүн токтотуп коет. Бул ден соолукка пайдасын тийгизбейт", — деди Сакмаматов.

Ал туздагы йод буу аркылуу чыгып кетпеши үчүн тамакты бышырып бүтүп гана туз салуу керектигин кошумчалады.

Белгилер:
оору, медицина
Тема боюнча
Төлөгөнов: аймактарды кыдырып, элди акысыз медициналык кароодон өткөрөбүз
Өсүмдүк таануучу Абдыганы Абдыгапаров

Абдыгапаров: органикалык продукцияны көбөйтүүгө кооперативдер керек

Өсүмдүк таануучу Абдыганы Абдыгапаров Кыргызстанда органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн туура баа коюлушу керектигин айтты.

Айдоо талааларына изилдөөлөрдү жүргүзүп, атайын лабораториялар курулса продукциянын сапатын көзөмөлдөө оңой болот. Мындай пикирин Абдыганы Абдыгапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Абдыгапаров: органикалык продукцияны көбөйтүүгө кооперативдер керек

Анын айтымында, дыйкандар органикалык продукцияны көп көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.

"Бизде органика өнүгүшү үчүн ага коюлган туура баа болушу керек. Ошондо табигый продукцияларды өстүргөн дыйкандардын саны да көбөйөт. Мисалы, химикат колдонгон дыйканга салыштырмалуу органикалык өсүмдүк өстүргөндөрдүн түшүмү аз болот. Бирок баасы бирдей жана түйшүгү көп болгондуктан минералдык жер семирткичтерди колдонууга өтөт. Органикалык продукцияны атайын лабораторияларда текшерүү керек. Тилекке каршы, заманбап технологиялык лабораториялар жокко эсе. Дыйкандар органикалык продукцияны ири көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштесе жыйынтык жакшы болот", — деди Абдыгапаров.

Ошондой эле адис айыл чарбасында жер семирткичтерди туура колдонуу дыйкандын ишин бир топ жеңилдетерин кошумчалады.

Белгилер:
жер семирткич, айыл чарба, агроном
Тема боюнча
Кыргызстанда минералдык жер семирткич экспорттоого тыюу салынды
Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

(жаңыланган 13:24 13.04.2021)
Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова азыркыга чейин Паркинсон оорусунун пайда болушунун так себептери аныкталбаганын айтты.

Англиялык дарыгер Жеймс Паркинсон ооруну изилдеп, илдет тууралуу кагаз бетине жазып чыккан. Ошентип дартка анын ысымы коюлуп калган. Бул тууралуу Кундуз Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

Анын айтымында, белгисиз себептерден улам Паркинсон илдети менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт.

"Паркинсон оорусу — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу. Башкача айтканда мээнин кайсы бир бөлүгүнүн нейрондорунун өлүшү менен коштолот. Мээдеги нигро субстанция (же кара субстанция) деп аталган бөлүгү дофамин затын бөлүп чыгарат. Ал биздин кыймыл-аракет, эс тутум, маанайга таасир эткен нерв системабыздын эң белгилүү нейротрансмиттеринин бири. Бул зат азайганда Паркинсон оорусу пайда болуп, адамдын кыймыл-аракети бузулат. Бейтап кыймылдай албай, тең салмактуулукту сактай албай калат. Андан тышкары, эс тутум өзгөрүп, деменция (ой калчоонун жайлашы — ред.) байкалат. Паркинсон 1755-1756-жылдардан бери изилденип келгени менен азыркыга чейин оорунун пайда болушунун так себептери белгисиз. Ошентсе да мында генетикалык мутациялар болору аныкталган. Демек, тукум кууйт. Аталган дарт менен 60 жаштан кийинки курактагы, кээде 40 жаштагы адамдар, химиялык заттарды көп пайдалангандар ооруп калат. Илдет Паркинсон оорусу жана паркинсонизм деп да бөлүнөт. Биринчисинде жогоруда аталган белгилер болсо, экинчиси баш сөөк жаракат алганда, инсульттан кийин байкалышы мүмкүн", — деди Карбозова.

Невролог аталган илдетте ырахат нейротрансмити болгон дофамин азайгандыктан, адам суусап туруп суу ичсе, ачка болуп туруп тамак жесе ырахат ала албай турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кундуз Карбозова, маанай, мээ, дарт
Тема боюнча
Интеллектуал адамдар кайсы ооруга көп кабылат? Дарыгердин пикири
Тез жардам кызматынын жанында турган дарыгер. Архив

COVID: 240 киши вирус жуктуруп, эки бейтап каза тапты

(жаңыланган 10:40 14.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 118;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 133;
  • Чүй облусу – 85;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас обулусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Жакшы кабар! Казакстанда эки күндөн бери COVID жуктургандардын саны азаюуда