Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадумаров: акимдерге ыйгарым укук берип каржы маселесин чечүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ГКС КР Акрам Мадумаров
Директор ГКС КР Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров аймактарды көйгөйдү жакшы түшүнгөн гана адам башкарышы керектигин айтты.
Мадумаров: акимдерге ыйгарым укук берип каржы маселесин чечүү зарыл

Акимдерге ыйгарым укук берип, каржы маселесин да чечип берүү зарыл. Мындай кадамдар аймактарды өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, децентрализация кылуу учурдун талабы болуп турат.

"Баарыбыз билгендей быйылкы жыл президенттин буйругу менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталды. Анын алкагында жергиликтүү бийликтин ишин анализдеген атайын комиссия түзүлүп, өз ишин жасап жатат. Алардын ишинин сөзсүз жыйынтыгы чыгып, аймактарда жашаган калкка ыңгайлуу шартта башкаруу системасы түзүлөт деп ойлойм. Учурда акимдердин ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгуу мезгил талабы болуп турат. Аларга ыйгарым укукту берүү менен каржы маселесин да чечип берүү зарыл. Ошондо милдеттери да күчөйт", — деди Мадумаров.

Ал борбордо отуруп алып аймактарды башкаруу мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0