Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормонбекова: кош бойлуу аялдардын 70 пайызынын каны аз

© Sputnik / Табылды КадырбековАкушер-гинеколог Наргиза Ормонбекова
Акушер-гинеколог Наргиза Ормонбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова аялдар төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилге өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Ормонбекова: кош бойлуу аялдардын 70 пайызынын каны аз

Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 70 пайызынын каны аз. Мындай пикирин Наргиза Ормонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк келиндер төрөткө олуттуу даярдык көрбөйт.

"Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын 70 пайызынын каны аз. Бул албетте, кооптуу көрүнүш. Анткени  эненин ден соолугу канчалык чың болсо ошончолук кубаттуу бала төрөлөт. Эне болорун билген ар бир аял тамактануусуна кылдат көңүл буруп, пайдалуу тамак-аштарды жеп турушу керек", — деди акушер.

Ал ошондой эле учакта төрөгөн кооптуу эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0