Биз курган үйлөр арзан эле эмес өрткө да туруктуу. Жалбырттап күйгөн отко бир саат туруштук берет. Бул тууралуу Азиз Төрөкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кардарлар көбүнесе бат бүтүүчү тамдардын коопсуздук жагына кызыгат. Бирок, бул үйлөр жер титирөө, өрт кырсыктарына туруктуу келип, баасы да арзан.
"Үйдү куруп жаткан материалдарга уруксатыбыз бар. Ал эми үйдү ар бир жаран өзү камсыздандыра алат да. Жарандар курулуп жаткан материалдардан улам өрттөнүп кетпейби деп көп сурашат. Бирок бул үйлөр арзан, тез бүткөнү менен эле эмес, өрткө, зилзалага кадимки үйлөргө караганда жакшы туруштук бергени менен айырмаланат. Андан сырткары жылуулукту көпкө кармап турат. Учурда бизде бир бөлмөлүү үйлөрдү болүп төлөөгө койдук. Эгер дароо сатып алам десе 3000 доллар, бөлүп төлөйм десе 3500 доллар болот. Эгер үй даяр болсо, биз ошол күнү эле алпарып орнотуп беребиз. Жумушка баратып үйгө буйуртма берип кетсе, кечинде жаңы үйү туруп калат", — деди Төрөкулов.
Ал тез бүтүүчү үйлөрдүн ички жасалгасы да үйдүн баасына кирээрин кошумчалады.
Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.
"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.
Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.
Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.
"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.
Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 19 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин дарегине Чүй жана Ош облустарынын айрым райондук сотторго судьяларды дайындоо үчүн 20 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.
"Садыр Жапаров судьялык кызматка 19 талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата райондук соту:
Кара-Суу райондук соту:
Араван райондук соту:
Ноокат райондук соту:
Өзгөн райондук соту:
Ош шаардык соту:
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.