Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зыярат Эсенбей: футбол - ынтымакты бекемдейт

© Sputnik / Досхан НусупбековВедущий и спортивный обозреватель Зыярат Эсенбей
Ведущий и спортивный обозреватель Зыярат Эсенбей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРК спорт каналынын алып баруучусу жана баяндамачысы Зыярат Эсенбей футбол боюнча дүйнөлүк оюндун финалдык беттеши адилеттүүлүктүн оюну болгондугун айтты.
Зыярат Эсенбей: футбол - ынтымакты бекемдейт

Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионат  достукту жана ынтымакты даңазалады. Бул тууралуу Зыярат Эсенбей Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, футбол ар өлкөнүн жарандарынын башын бириктирип, ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

"Чемпионаттын алдында Англиянын ЖМКлары Россиядагы коопсуздук боюнча терс маалыматтарды кетирип турду. Бирок ага карабастан финалдык беттеш ынтымактын, достуктун жана адилеттүүлүктүн оюну болду. Негизи эле футболдук мелдештер ар түрдүү улуттардын башын бириктирип, өз ара мамилелерди чыңдайт", — деди спорт журналисти.

Зыярат Эсенбей спорт журналисттерин даярдаган мектеп жок болсо да, Кыргызстанда спорт каналдарды бар экендиги жетишкендик деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0