Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эркимбаев: таштанды ыргытып, түкүргөндөр 5 миң сомго чейин айып төлөшү керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтарший мастер санитарной очистки МП "Тазалык" Азамат Эркинбаев
Старший мастер санитарной очистки МП Тазалык Азамат Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын Свердлов району боюнча улук мастери Азамат Эркимбаев коомдук жайды булгагандарга айып пул салынаарын, бирок эч ким бул мыйзамды аткарбай келээрин айтты.
Эркимбаев: таштанды ыргытып, түкүргөндөр 5 миң сомго чейин айып төлөшү керек

Көчөгө таштанды ыргыткандарга 2000 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салынат, бирок ушул убакка чейин бир да жарандын бул мыйзамды аткарганын уккан эмесмин. Мындай пикирин Азамат Эркимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым адамдар тазалыктын кызматкери иштеп жаткан учурда атайын таштанды ыргытып тийишет.

"Негизи көчөгө түкүрүнгөндөргө, басып баратып таштанды ыргыткандарга мыйзам чегинде айып пул салынышы керек. Бирок, андай адамды көрүп турсак да эч нерсе дей албайбыз. Кайра "мындай кылганыңыз болбойт, алып коесузбу" деп суранабыз. Биздин кызматкерлер менен урушуп кеткендер да болот. Аларга экологдор менен милиция кызматкерлери айып сала алат. Тилекке каршы, биз бул адистер менен дайыма ээрчишип жүрө албайбыз да. Натыйжада, эч ким жазаланбайт", — деди Эркимбаев.

Ал шаардын тазалыгын сактоо үчүн жарандардын маданиятын көтөрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0