Адам айрыкча жай мезгилинде жанына сөзсүз түрдө суу алып жүрүшү зарыл. Бул тууралуу Улукбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, күн ысыкта адамдын оозу кургаганда суу ичиш керек.
"Мындай ысыкта жарандар жанына суу алып жүрүшү шарт. Күн сайын жай мезгилинде үч литрдей суу ичиш керек. Андан сырткары ачык түстөгү жана кепка, панама сыяктуу ысыктан тосуучу жеңил баш кийимчен жүрүүнү сунуштайбыз", — деди инструктор.
Адис буга чейин ысык күндөрдө алгачкы жардамдар кандай көрсөтүлүшү керектиги тууралуу жер-жерлерде семинар-окутууларды өткөрүп, тажрыйба жүзүндө көрсөтүп келгенин кошумчалады.
Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле анын калыптануусуна, келечекте ар тараптуу адам болуп чоңоюп, ийгиликтерге жетүүсүнө таасир этет. Бул тууралуу Узара Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бизде ата-энелер баланын кемчилигин гана айтып, жакшы жактарын белгилешпейт.
"Учурда адамдар үй-бүлөдөгү ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылышууда. Анын ичинен ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле чоң маселе бойдон калууда. Бул өз ара сүйлөшүүнүн жоктугунан, учурунда ата-эне бала менен убакыт өткөрбөгөндүктөн, бири-бирин толук тааныбагандыктан келип чыгат. Баланын жөндөмдүүлүгүнө, кызыгуусуна жараша кесип тандоого, окууга шарт түзүү маанилүү. Ага сенин колуңдан келбейт деп айтуу келечекте ишенимсиз болуп калуусуна түрткү болот. Азыр чоң эле кишилер ушундай маселесин айтып кайрылышат. Себеби кичинесинде ага ата-энеси ишеним арткан эмес. Жаш куракты эске алып, чоңдор өзгөчө өспүрүм балага маани бериши зарыл. Ошондой эле баланы ага эч кандай шарт койбой эле сүйүүгө үйрөнсөк. Анын сабактан "беш" алганы, жардам бергени же башка иш кылганы үчүн жакшы көрбөшүңөр керек. Сүйүүнү сезген бала мээримдүү, ата-энесинин айтканын эки кылбаганга аракет кылат. Айрым учурда "элдин балдары" менен салыштырышат. Башкалар менен салыштыруу баланын өзүнө болгон баанын төмөндөшүнө, күчүнө ишенбешине алып келет", – деди Мамытова.
Психолог бала ата-энеге сунуш менен кайрылса "жөн эле кой, болбойт же кыла албайсың" дебестен туура жол көрсөтүп, башка варианттарды айтуу керектигин кошумчалады.
ЕАЭБдин алкагында сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда атмосфераны булгаган сапатсыз майды көмүскө ташып келүү уланууда. Бул тууралуу Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Европада сапаттуу күйүүчү майды колдонуу менен атмосферага күкүрттүн, азот оксидинин бөлүнүп чыгуусу 97-98 пайызга чейин кыскарган.
"ЕАЭБдин алкагында сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган. Кыргызстан дагы бул багыттагы тийиштүү документтерге 2015-жылы эле кол койгон. Бирок биздин бийлик учурунда экономикалык абалды эске алуу менен сапаттуу күйүүчү майды колдонууну убактылуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Ошондо 48 айга өткөөл мезгил берилген. Натыйжада 2019-жылдын 12-августунан тарта техникалык регламент күчүнө кирип, сапатсыз күйүүчү майды ташып келүүгө тыюу салынган. Ошого карабастан ыплас иш менен алектенгендер аткезчилик аркылуу сапатсыз күйүүчү майды дагы деле алып кирип жатышат. Анын атмосферага тийгизген терс таасири күчтүү. 1999-жылы класстык күйүүчү май чыкканда, евро 2 дегени пайда болгон. Ал май К2 деп айтылат. Муну колдонгон бир автоунаадан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар К5 классындагы май куюп жүргөн 50 автомобилдикине тете", — деди Эшатов.
Ошондой эле ал эски автоунааларга сапаттуу күйүүчү майды колдонуу натыйжа бербейт деген пикир жаңылыш экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.