Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: алты айдын ичинде кызамык оорусу менен 335 учур катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Республиканского центра иммунопрофилактики при Министерстве здравоохранения КР Гульбара Ишенапысова
Директор Республиканского центра иммунопрофилактики при Министерстве здравоохранения КР Гульбара Ишенапысова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кызамык илдетине чалдыккандардын 45 пайызы бир жашка чейинки бөбөктөр экенин айтты.
Ишенапысова: алты айдын ичинде кызамык оорусу менен 335 учур катталды

Соңку алты айдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда кызамык менен ооруган 335 учур катталды. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруну алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө адам эмдөөдөн өтүш керек.

"Кызамык оорусу – вирустук инфекция. Эгер 1-кабаттагы бала аталган илдетке чалдыкса, аба аркылуу 9-кабатта жашаган балага да жугушу мүмкүн. Оору жуккандан кийин жети күн ичинде байкалат.  Анын алгачкы белгилери – температура болуу, жөтөлүү жана көздөн жаш чыгуу. Мындай илдет менен өткөн жылы беш учур  (экөө балдар) катталса, 2018-жылдын алты айында эле 335 учур (145и балдар) катталып, кызамык менен ооругандардын саны кескин өстү", — деди Ишенапысова.

Адис жаш балдарга бир жашында, ал эми чоңоюп калганда, алты жашында эмдөө жүргүзүлүшү шарт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0