Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акаев: жарандык коому күчтүү мамлекетте коррупция аз болот

Жазылуу
Депутат Жанар Акаев жарандык коомдун көп болгонунан коркпош керек деген оюн билдирди.
Акаев: жарандык коому күчтүү мамлекетте коррупция аз болот

Жарандык коому күчтүү мамлекетте коррупция аз болот. Анткени, алар өкмөт, парламент, президенттин ишине чейин тескеп турушат. Мындай пикирин Жанар Акаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын пикиринде, жарандык активисттерден коррупцияга аралашкан аткаминерлер коркот. Ал эми өзү алар менен ачык иштешет.

"Өлкөдө жарандык коомдор түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзгөнү жакшы. Алардын саны канчалык көп болсо деле, арасынан аз гана бөлүгү жемиштүү иштеп кете алат. Жарандык коом десе эле четтен акча алып иштеген уюмдарды түшүнбөшүбүз керек. Ошол эле калк арасында туруп, улуттун кызыкчылыгын ойлогон, ар кандай олуттуу маселелерде өз позициясын билдирип, иштин ачык-айкындыгын талап кылган жаштар толтура. Мисалы, ошол эле мөңгүлөр тууралуу мыйзамда коомдук активисттер да четте карап турушкан жок. Алардан коркуунун кажети жок. Жарандык коому күчтүү мамлекетте коррупция дээрлик болбойт", — деди Акаев.

Эл өкүлү өздөрүн жарнамалабай эле абактагы адамдар, жаштар менен иш алпарып жүргөн коомдук уюмдар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0