Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аматов: 100 сомго сим-карт эмес, телефондор каттатылат

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель председателя ГКИТиС Эшмамбет Аматов
Заместитель председателя ГКИТиС Эшмамбет Аматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов телефондорду каттатуу менен алардын баасы кымбаттабайт деп билдирди.
Аматов: 100 сомго сим-карт эмес, телефондор каттатылат

Телефондорду каттатуу баасы 100 сом болот.  Баса, айта кетүүчү учур, сим-карт эмес, телефон аппараты каттатылат. Бул анын сатыктагы наркына таасирин тийгизбеши керек. Мындай пикирин Эшмамбет Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, смартфондор каттоодон өткөн соң аны уурдоо мүмкүнчүлүгү чектелет.

"Телефон, смартфон, айтор сим-карта салынып иштетилген бардык байланыш каражаттары каттоодон өткөрүлөт. Аппаратты каттатууга 30 күн, берилет. Бул аралыкта каттоого алынбаган телефондор өчүрүлөт, башкача айтканда иштебей калат. Биз баасын 100 сом деп коюп жатабыз. Бул баага сим-карттар эмес, колдонуучу байланыш аппараттары каттоого коюлат. Бир телефон же смартфонгго бир гана жолу IMEI-код берилет. Ал эми сим-карттар мурдагыдай эле тартипте колдонулат. Телефондор, катталган соң кымбаттап кетпейт. Баа саясатын тиешелүү органдар көзөмөлдөп турат. ", — деди Аматов.

Ал мыйзам кийинки жылдан баштап иштеп баштаарын кошумчалады

Жаңылыктар түрмөгү
0