Канчалык чет тилдерин билген сайын ийгиликтин эшиги ошончолук ачылат. Бул тууралуу Амина Мамытбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам күчү менен эмес, акылы менен иш кылуусу абзел.
"Өзүм алты тилде сүйлөй алам жана башкаларды да дайыма тил билүүгө үйрөтүп келем. Анткени акыл менен иштегенде гана кыргыз эли көп нерсеге жетишет. Баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөшүбүз керек, бирок башка чет тилдерди канчалык көп билсек ошончолук мүмкүнчүлүктөр да көп болот. Чет тилдерин өздөштүрүү – дүйнөгө жол ачат", — деди Мамытбекова.
Ишкер айым ар бир жаран өзүн ар тараптуу өнүктүрүшү керектигин кошумчалады.
Айдоо талааларына изилдөөлөрдү жүргүзүп, атайын лабораториялар курулса продукциянын сапатын көзөмөлдөө оңой болот. Мындай пикирин Абдыганы Абдыгапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, дыйкандар органикалык продукцияны көп көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.
"Бизде органика өнүгүшү үчүн ага коюлган туура баа болушу керек. Ошондо табигый продукцияларды өстүргөн дыйкандардын саны да көбөйөт. Мисалы, химикат колдонгон дыйканга салыштырмалуу органикалык өсүмдүк өстүргөндөрдүн түшүмү аз болот. Бирок баасы бирдей жана түйшүгү көп болгондуктан минералдык жер семирткичтерди колдонууга өтөт. Органикалык продукцияны атайын лабораторияларда текшерүү керек. Тилекке каршы, заманбап технологиялык лабораториялар жокко эсе. Дыйкандар органикалык продукцияны ири көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштесе жыйынтык жакшы болот", — деди Абдыгапаров.
Ошондой эле адис айыл чарбасында жер семирткичтерди туура колдонуу дыйкандын ишин бир топ жеңилдетерин кошумчалады.
Англиялык дарыгер Жеймс Паркинсон ооруну изилдеп, илдет тууралуу кагаз бетине жазып чыккан. Ошентип дартка анын ысымы коюлуп калган. Бул тууралуу Кундуз Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, белгисиз себептерден улам Паркинсон илдети менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт.
"Паркинсон оорусу — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу. Башкача айтканда мээнин кайсы бир бөлүгүнүн нейрондорунун өлүшү менен коштолот. Мээдеги нигро субстанция (же кара субстанция) деп аталган бөлүгү дофамин затын бөлүп чыгарат. Ал биздин кыймыл-аракет, эс тутум, маанайга таасир эткен нерв системабыздын эң белгилүү нейротрансмиттеринин бири. Бул зат азайганда Паркинсон оорусу пайда болуп, адамдын кыймыл-аракети бузулат. Бейтап кыймылдай албай, тең салмактуулукту сактай албай калат. Андан тышкары, эс тутум өзгөрүп, деменция (ой калчоонун жайлашы — ред.) байкалат. Паркинсон 1755-1756-жылдардан бери изилденип келгени менен азыркыга чейин оорунун пайда болушунун так себептери белгисиз. Ошентсе да мында генетикалык мутациялар болору аныкталган. Демек, тукум кууйт. Аталган дарт менен 60 жаштан кийинки курактагы, кээде 40 жаштагы адамдар, химиялык заттарды көп пайдалангандар ооруп калат. Илдет Паркинсон оорусу жана паркинсонизм деп да бөлүнөт. Биринчисинде жогоруда аталган белгилер болсо, экинчиси баш сөөк жаракат алганда, инсульттан кийин байкалышы мүмкүн", — деди Карбозова.
Невролог аталган илдетте ырахат нейротрансмити болгон дофамин азайгандыктан, адам суусап туруп суу ичсе, ачка болуп туруп тамак жесе ырахат ала албай турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Эртең, 14-апрелде, Бишкек шаарынын бир нече жеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Ал күнү адистер подстанциялардагы электр жабдыктарын оңдоп, бутактарды кыйып жана башка жумуштарды жасамакчы.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: