Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдыралиева: кол өнөрчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө аракет кылып жатабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун серепчиси Назгүл Кыдыралиева. Архив
Биз Эксперт аналитикалык борборунун серепчиси Назгүл Кыдыралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун серепчиси Назгүл Кыдыралиева Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн көйгөйү тууралуу китеп даярдаларын айтты.
Кыдыралиева: кол өнөрчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө аракет кылып жатабыз

Кол өнөрчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Назгүл Кыдыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уз-чеберлердин чечилбей жаткан маселеси — коомдо атайын статусунун жоктугу.

"Биз Бишкек шаарынан жана аймактардагы кол өнөрчүлөрдүн кандай көйгөйү бар экенин сурап жатабыз. Азырынча жооптор толугу менен келе элек. Колубузда даяр материал болгондон кийин аны чечүүчү органдарга жиберип, чеберлердин жумушун жеңилдетүүгө аракеттенебиз. Анткени кол өнөрчүлөргө бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат", — деди Кыдыралиева.

Серепчи Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн так саны жок экенин да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0