Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбеков: суудагы тосмолорду чет жактан алдырууга туура келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков жарандардын коопсуздугу боюнча тиешелүү органдар жеке менчик пансионаттарды дайыма текшерип турушарын айтты.
Турсунбеков: суудагы тосмолорду чет жактан алдырууга туура келет

Суудагы тосмолорду четтен алдырууга туура келет. Бул убакытты талап кылат. Мындай пикирин Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жайкы сезон учурунда пансионаттар колго жасалган тосмолорду илсе, туристтер шылдыңдайт.

"Эс алуучулар кооптуу жакка өтүп кетпеши үчүн көлдүн үстүнөн көрүнүп турган белгилер орнотулат эмеспи. Көбүнчө кызыл сызык болот. Мына ушул буектор бизде сатылбайт экен. Ал эми чет мамлекеттен алалы десек убакытты талап кылат. Колго жасап илип койсок, туристтер жакшыраак эле нерсе такпайбы деп шылдыңдашат. ӨКМдин адистери келип биздин пансионатка да бул багытта эскертүү берип кеткен экен. Биз учурда чет мамлекеттен алдырууга буюртма бердик", — деди Турсунбеков.

Ал жеке менчик эс алуу жайларын, жарандардын коопсуздугун караган тиешелүү мекемелер каалаган убагында келип текшерип турушарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0