Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Солтобаев: Көчмөндөр оюну өтчү жайлоодон сактардын көрүстөнү табылды

© Sputnik / Жасмин МалашеваКыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев. Архив
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев Кырчын жайлоосунда б.з.ч. VI-V кылымдарга таандык 250дөн ашуун мүрзө бар экендигин айтты.
Солтобаев: Көчмөндөр оюну өтчү жайлоодон сактардын көрүстөнү табылды

Көчмөндөр оюндары өтчү Кырчын жайлоосунан сактардын эки көрүстөнү табылды. Алар иш-чара үчүн жасалып жаткан курулуштун астында экен. Бул тууралуу Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 1947-жылы совет археологу Александр Бернштам тарабынан бир мүрзө иликтенип, Кырчында деп божомолдонгон көрүстөндөрдүн жарымынын картасы түзүлгөн.

"Биз буга чейинки Көчмөндөр оюндарында да Кырчын жайлоосунда тарыхый баалуу материалдар бар экендигин айтып, алардын тебелендиге калып же курулуш иштеринен кандайдыр бир зыян тартып калбашы үчүн казуу иштерин жасоону да суранганбыз. Бирок учурунда бизге Көчмөндөр оюну өтчү жерде эч кандай мүрзө жок деп жооп беришкен. Ал эми бул табылган эки көрүстөн толугу менен б.з.ч. VI-V кылымдарда ошол чөлкөмдө жашап өткөн сак урууларына таандык экенин айгинелейт. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну аяктагандан соң биз бул маселени кайрадан көтөрөбүз", — деди Солтобаев.

Ал бул иштерди колго алууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өз көмөгүн көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0