Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Джамангулов: сумо күрөшүнүн өзгөчөлүгү — анын тазалыгында

© Sputnik / Асель АкматалиеваСумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов
Сумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов сумө күрөшү каршылашына аяр мамиле жасоо менен башка күрөштүн түрлөрүнөн айырмаланып турарын айтты.
Джамангулов: сумо күрөшүнүн өзгөчөлүгү — анын тазалыгында

Сумочулар килемге кирээрде бутун чечип, каршылашы менен саламдашып күрөшүп баштайт. Бул тууралуу Эмиль Джамангулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сумо күрөшүнүн өзгөчөлүгү — анын тазалыгында.

"Сумочулар килем үстүндө өзүн оор басырыктуу алып жүрөт. Башка боксчулар сыяктуу мелдеш учурунда секирип, же ары-бери чуркай бербейт. Бул күрөш башка күрөштөрдөн өзүнүн тазалыгы менен айырмаланып турат. Сумочулар беттеш маалында гана өздөрүнүн күчүн көргөзүп, килемден чыккандан кийин достук мамиледе калат", — деди Жамангулов.

Вице-президент сумо күрөшүн аймактарга жайылтууга аракет жасап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0