Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алияскаров: көбүнчө бай бүлөнүн балдары нике келишимин түзөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эркектер зомбулукка каршы" коомдук фондусунун жетекчиси Марат Алияскаров. Архив
Эркектер зомбулукка каршы коомдук фондусунун жетекчиси Марат Алияскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эркектер зомбулукка каршы" коомдук фондусунун жетекчиси Марат Алияскаров Кыргызстанда нике келишимин түзгөн жаш үй-бүлөлөр көбөйүп жатканын айтты.
Алияскаров: көбүнчө бай бүлөнүн балдары нике келишимин түзөт

Көбүнчө бай бүлөнүн балдары баш кошкондо нике келишимин түзүшөт. Алар материалдык каражатын башынан так бөлүштүрүп алуу үчүн ушундай кадамга барышат. Бул тууралуу Марат Алияскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жубайлар көбүнчө бири-биринин көзүнө чөп салган учурда жазасы материалдык байлык менен эсептеле тургандай кылып нике келишимин түзгөндү каалашат.

"Нике келишими аркылуу үйлөнгөн жаштардын саны өлкөдө жылдан-жылга көбөйүп жатат. Алар көбүнчө жетишкен үй бүлөлөрдүн балдары. Ажырашып кеткен учурда байлык талашып уруш чыкпашы үчүн башынан эле каражатын нике келишиминин негизинде бөлүштүрүп алышат. Азырынча күнүмдүк жасалчу үй иштерин бөлүштүрүп, келишим түзгөн жубайлар боло элек. Ошондой эле көбүнчө жубайлары күйөөсү көзүнө чөп салган учурда чоң материалдык төлөм менен камсыздоого мажбур кылып, нике келишимин түзүүнү каалашат. Бул бир жагынан үй-бүлөнү ажырашуудан сактайт. Кандайдыр бир баалуулугунан айрылып калбаш үчүн эркектер жаман иштерге барышпайт", — деди Алияскаров.

Ал нике келишими нотариус аркылуу бекитилип, толук мыйзамдык күчкө ээ болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0