Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арзыматов: окуу жайларда юридикалык клиникаларды көбөйтүү зарыл

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Юристтер Ассоциациясынын" жетекчиси Жеңишбек Арзыматов. Архив
Юристтер Ассоциациясынын жетекчиси Жеңишбек Арзыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Юристтер Ассоциациясынын" жетекчиси Жеңишбек Арзыматов күчтүү юрист жумушсуз калбай турганын айтты.
Арзыматов: окуу жайларда юридикалык клиникаларды көбөйтүү зарыл

Университеттерде юридикалык клиникаларды ачууну жайылтуу керек. Мындай пикирин Жеңишбек Арзыматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуу жайларда мындай клиникалардын ачылуусу менен студенттер карапайым калкка жардам бере алат.

"Бүгүнкү күндө юридикалык жаатта окуган жаштардын билим деңгээли төмөн болуп жатат. Бул маселени Кыргызстандагы юридикалык окуу жайларда юридикалык клиникаларды көбөйтүү менен чечсе болот. Болочок юрист болчу студенттер тажрыйба топтоо менен бирге юристтин кеңешине муктаж болгон колунда жок адамдарга акысыз сунуш берип, жардам да бере алат. Тез арада мындай клиникаларды ачып, алардын санын көбөйтүү керек", — деди ал.

Арзыматов юридикалык клиникаларда тажрыйба топтогон студенттерди сөзсүз түрдө профессионалдуу мугалим көзөмөлдөп турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0