Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: көп тилде билим берүү бала бакчадан башталат

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель министра образования КР Надира Джусупбекова
Заместитель министра образования КР Надира Джусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖОЖ көп тилде билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн педогогдорду даярдап жатканын айтты.

Көп тилде билим берүү бала бакчалардан башталат. Программанын алкагында балдар мектепке эки тилде эркин сүйлөп, үчүнчү тилди алгачкы деңгээлди билип барышат. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жусупбекова: көп тилде билим берүү бала бакчадан башталат

Анын айтымында, түшкө чейин бакчада окутуу, тарбия иштери кыргыз тилинде жүрсө, балдар ойгоноору менен бардык иштер орус тилинде улантылат. Ал эми англис тили оюн ойноо, мультфилим көрүү менен үйрөтүлөт.

"Көп тилде билим берүү программасы 18 бала бакчада, 78 орто мектепте жана беш ЖОЖдо апробациядан өттү. Программа бала бакчадан башталат. Ал жерде негизги эки тил окутулуп, үчүнчү чет тили баштапкы деңгээлде үйрөтүлөт. Орто мектепте үчүнчү тил да терең окутулуп, балдар мектепти аяктаганда эки тилде эркин, чет тилинде кесиптик деңгээлде сүйлөп калат. Ал эми жогорку окуу жайга барганда бала буга чейин окуган чет тилинде да сабактар киргизилет. Жыйынтыгында бизде кайсы тармакка барсак да көп тилдүү адистер пайда болот. Муну менен катар эле өлкө аймагында бир тилдүү билим берүүчү жайлар да өз ишмердүүлүгүн уланта берет", — деди Жусупбекова.

Ал мектептердин аталган долбоорго өтүүсүн ата-энелер менен окуучулар биргеликте чечерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0