Жолдо кырсыкка учурап оор абалда бизге түшкөн бейтаптардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Алмаз Кулназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк учурда аварияга туш болгон жарандарга операциялардын оор түрлөрү жасалууда.
"Азыр унаа көбөйдү, алардын ылдамдыгы да да өтө жогору. Жаштар болгон ылдамдык менен катуу айдап, аварияга тушуккан учурлар көп болууда. Натыйжада бет-жаак сөөктөрүнөн жабыркап келген бейтаптардын саны арбыды. Бул көрүнүш биздин госпиталда эле эмес, өлкө аймагы боюнча көп катталууда. Тез жардам менен келгендиктен кезексиз дароо жаткырылып, операция жасалат. Өзгөчө жаш балдардын авариядан соң оор жаракаттар менен келиши ойлондурат", — деди Кулназаров.
Ал айдоочуларды дайыма коопсуздук курун тагынып жүрүүсүн өтүнөрүн кошумчалады.
Финансылык пирамиданы ачык эле адамдарды алдоо катары кабыл алсак болот. Анткени алар баштаганда эле азгыруу методдорун колдонушат. Мындай пикирин Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, финансылык пирамидада ийгиликке жеткендерге караганда алданып калгандардын саны көп болот.
"Кайсы гана пирамида бизнесин албаңыз, алар ошол тармакта акча табуу абдан жеңил экенин айтышат. Мисалы, белгилүү бир сумманы аларга берип коюп эле акчаңыздын болуп көрбөгөндөй тездикте көбөйөрүн убадалашат. Сизди катарына кошуу үчүн ийгиликке жетип, көп акча таап же кымбат баалуу буюмдарга ээ болуп жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Бирок, тилекке каршы, бул айсбергдин бизге көрүнгөн чокусу гана. Анын түбүндө канчалаган адамдардын каражаты, бир тыйын таппай, тескерисинче, алданып отургандардын көз жашы турат. Биз жашоодо эч нерсе бекер эле келип калбасын түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсеге эмгек жана чынчылдык менен гана жетерибизди билишибиз зарыл. Ошондо биз мындай пирамидаларга азгырылбай калабыз. Ал эми билбей кирип алып белгилүү бир суммада каражат короткон соң түшүнүп калсаңыз, жөн гана аны боло турган чыгым катары кабыл алып, сарсанаа болбой ошол нерседен чыгып кетүүгө аракеттениш керек. Кек сактап, өчөшүп же дагы башка ушундай кадамдарга баруу биринчи кезекте өзүбүз үчүн гана зыян алып келерин унутпашыбыз зарыл", — деди Аалканов.
Ал жеңил акча табуу жолу менен байып кетүүгө аракет жасоо өзүмчүлдүктүн белгиси экенин жана бул психологиялык көз карашта жашоо мыйзамына туура келбестигин кошумчалады.
Азыркы учурда Бишкекте дарыгерлерге кене чаккан жети адам кайрылды. Былтыр ушул эле мезгилде 15 киши кайрылган эле. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылдары энцефалит менен ооругандар көп болуп, өз учурунда толук дарыланбаган жаш бала каза болгон.
"Кене чаккандан кийин адамга үч күндүн ичинде иммуноглобулин сайылат. Анын таасири бир айга жетет. Үч күндөн ашып кетсе ийне сайылбайт, отуз күн дарыгердин көзөмөлүндө болот. Кене чаккандан баштап жетинчи жана онунчу суткада кан тапшырылып, вирустун бар-жогу текшерилет. Эгер адамды чаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7-14 күндүн ичинде булчуң, муундар, баш катуу ооруп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт. Оорунун башталышы сасык тумоого окшоп кетет. Энцефалитти алдын алуу үчүн вакцина алса болот. Кене энцефалитинин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комплекстүү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп турат. Жыл сайын токойчулар, егерлер, чабандар, геолог студенттер жана башка жумушу же окуусу боюнча вирустук кене энцефалитинин очогуна чыккандарга профилактикалык эмдөө жасалат. Вакцина эки ирет бекер сайылат. Эмдөө алган адам тоого 14 күндөн кийин чыгышы керек. Андан соң бир жана үч жылдан кийин ревакцинация жасалат. Ал эми жөнөкөй жарандар жеке клиникаларга кайрылып, акча төлөп эмделе алышат", — деди Орокчиева.
Дарыгер кене энцефалити менен ооругандар бир жыл невропатологдун каттоосуна алынарын кошумчалады.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.
Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.
"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.
Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.