Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадаминов: көчмөндөр оюндарына Франциянын көк бөрү боюнча командасы келмекчи

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель директора дирекции по национальным видам спорта КР Аскараалы Мадаминов
Заместитель директора дирекции по национальным видам спорта КР Аскараалы Мадаминов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары Аскараалы Мадаминов көк бөрү оюну дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп калды деген пикирин айтты.
Мадаминов: көчмөндөр оюндарына Франциянын көк бөрү боюнча командасы келмекчи

Быйыл көчмөндөр оюндарына Франция көк бөрү боюнча командасын жиберүүгө даярданып жатат. Алар Америка Кошмо Штаттарынын негизги атаандашы болобуз деген ойдо. Бул тууралуу Аскараалы Мадаминов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Франция жана Америка командалары кыргыздын улуттук оюнуна кызыгып жатканы, кыргыздын  спортундагы чоң жетишкендик.

"Францияда көк бөрү боюнча атайын команда түзүлүптүр. Алардан быйылкы көчмөндөр оюндарына катышууга ниетин билдиришти. Француз улакчылары АКШнын командасына негизги каршылаш болорун айтышты.  Аларда  хорсбол деген улуттук оюн бар экен. Баскетбол сыяктуу топ менен, бирок атчан ойношот. 2016-жылдагы көчмөндөр оюндарына катышкан Американын көк бөрүчүлөрүн көрүп алышып, абдан кызыгып жатышканын билдик. Аларпды көчмөндөр оюндарынын алкагында тосуп алууга даярбыз", — деди Мадаминов.

Ал быйылкы көчмөндөр оюндарына улуттук команда толугу менен даяр экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек  Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0