Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов. Архив

Аматов: катталган телефон жоголсо таап алса болот

85
(жаңыланган 14:06 09.08.2018)
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов бир телефон же смартфон бир эле жолу катталаарын айтты.
Аматов: телефонду каттаткандан кийин уурдоого мүмкүн болбой калат

Телефон аппараттарды каттаткандан кийин уурдоого мүмкүн болбой калат. Жарандар телефонун жоготуу көйгөйүнөн арылат. Бул тууралуу Эшмамбет Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору контрабандалык жол менен кирген байланыш аппараттарына да бөгөт коет.

"Бул мыйзам башка чет мамлекеттердин тажрыйбасынан алынды. Учурда мыйзам долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууда турат. Мыйзам кабыл алынып калса өлкө үчүн да, жарандар үчүн да пайдалуу болот. Башкысы, кыргызстандыктар смартфондорун жоготпой калышат. Анткени, катталган телефонду уурдап кеткен күндө да, берилген атайын кодду өчүрсө,  аппарат иштебей калат. Мындан сырткары өлкөгө сапаттуу байланыш аппараттары кире баштайт", — деди Аматов.

Ал жарандарды бул процедураларды  түшүнүү менен кабыл алып, сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышуусун өтүндү.

85
Белгилер:
смартфон, каттоо, Эшмамбет Аматов
Тема боюнча
Телефондорду каттатып алып көтөрсөк, уурдалбай калабы? Адистин жообу
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы "шамала"

64
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков технологиянын өнүгүүсү менен көп буюмдар колдонулбаса да алардын аталышын биле жүрүү керектигин айтты.
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"

Асман тиреген хан ордолордун күн тийбеген жерлеринде күнү-түнү жарык берип турган мом чырактар болгон. Ал сөз эпосто "шамала" деп берилет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, "Манас" десе эле боз үйлөрдү тигип алып, караңгычылык өкүм сүргөн заманды түшүнбөш керек.

Талантбеков: "Манас" эпосунда тиш чукугучтун аталышы бар

"Эпосто көптөгөн хан сарайлар бар. Ошол эле кыргыз, кытай жана башка элдердеги асман тиреген хан ордолордун күн тийбеген жерлеринде күнү-түнү жарык берип турган мом чырактар болгон. Ал кадимки эле биз колдонуп жүргөн факел. Технология өсүп-өнүгүп, ГЭС, ЖЭБдер курулуп, бул буюм колдонулбай калды. Андыктан аны кинолордон, олимпиадада көрүп калуудабыз. Негизи "Манаста" мына ушул мом чырактарды ошол учурдагы жарыктандыруу системасы катары түшүнсөк болот. Аны "Манас" эпосунан дагы кездештиребиз, "шамала" деп берилет", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда мом чырактар күнүмдүк колдонуудан чыгып калганы менен анын аталышын билип алуу ашыкча болбой турганын кошумчалады.

64
Белгилер:
буюм, Технологиялар, сөз, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "сүт мал" деген үстөккө берилген пайданы түшүндүрөт
Кыргызстандын эмерекчилер ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Нурлан Токомбаев. Архивдик сүрөт

Токомбаев: пандемияда кызматкерлердин маянасы үчүн иштедик

13
Кыргызстандын эмерекчилер ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Нурлан Токомбаев пандемияга байланыштуу карантинден кийин акырындан иш жандана баштаганын айтты.
Токомбаев: пандемияда кызматкерлердин маянасы үчүн иштедик

Пандемияга байланыштуу ишти токтотпогонго аракет жасалды. Себеби кызматкерлер каражат таап, үй-бүлөсүн багышы керек. Бул тууралуу Нурлан Токомбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкана пандемия башталганда сырьену алдын ала даярдап алган.

Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

"Эпидемия учурунда кызматкерлерге маска кийгизип, санитардык талаптарды аткарууга аракет кылдык. Ошого карабастан айрымдарына коомдук транспортко түшүүгө туура келет, кээ бирлери тууган-туушканына жолугат экен. Көпчүлүгү ооруп кайра сакайды деп ойлойбуз. Ошентсе дагы негизинен иш токтогон жок. Себеби кызматкерлер каражат таап, үй-бүлөсүн багышы керек. Соода аябай жакшы болуп кетпесе дагы маянаны төлөп берип жаттык. Карантин учурунда тапшырыктарды аралыктан интернет аркылуу алууга аракет кылып, ал аянтчаны соода кылууга колдондук. Бирок баары бир кардарлар менен көрүшүүгө туура келген учурлар болду", — деди Токомбаев.

Ишкер пандемияга карабастан Түркия жана Италиядан инвесторлор менен иштешүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

13
Белгилер:
коронавирус, пандемия, ишкер
Тема боюнча
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Уйлар. Архив

Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды

0
(жаңыланган 18:29 12.08.2020)
Учурда Ош облустук ооруканасында күйдүргүгө шектелип жети киши жатат, ал эми бир адамдан илдет тастыкталган. Оору очогу болгон айыл карантинде.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында союлган уйдан күйдүргү тараганына байланыштуу эки тарап жазаланды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында, ооруга себепкер болгон уй убагында эмделбегени үчүн Кара-Суу районунун Беш-Мойнок ветеринардык сервисине айып тагылды. Себеби уй ошол жакта багылган, ал эми Тогуз-Булак айылына жай мезгилинде убактылуу алып келинип, малчылар карап жаткан. Ошондой эле аны сойгон кишиге дагы айып салынган.

"Малды убагында эмдеп турушу керек болчу, бирок бул иш аткарылган эмес. Учурда ошол оорулуу уйдун эти чогултулуп, териси, кыгы эпидемиологдордун көрсөтмөсү боюнча көмүлдү. Эки миңден ашуун мал жандык күйдүргү оорусуна каршы эмделди", — деди Мияшев.

Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган.

Учурда оорунун очогундагы тургундардын күн сайын дене табы өлчөнүп, медициналык байкоо жүргүзүлүп жатат. Ал эми уйдун этин жеген 288 кишиге ооруну алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө.

Ошондой эле илдет чыгышы мүмкүн деген жерлер дезинфекцияланып жатат.

 

0
Белгилер:
уй, эмдөө, оору, ветеринария, күйдүргү, Тогуз-Булак, Кара-Суу району, Ош облусу
Тема боюнча
Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
Күйдүргү: Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди