Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекбоева: гаджеттерди ашыкча колдонуу көздүн көрүүсүн начарлатат

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-офтальмолог Кундуз Бекбоева
Врач-офтальмолог Кундуз Бекбоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева аз уктоону адатка айлантуу көздүн көрүүсүнүн начарлашына себеп болорун айтты.
Бекбоева: гаджеттерди ашыкча колдонуу көздүн көрүүсүн начарлатат

Гаджеттерди ашыкча колдонуу көздүн көрүүсүн начарлатат. Мисалы, ал аркылуу текст окуп жатсаңыз, ар бир 20 мүнөттө көздү эс алдырып, атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Бул тууралуу Кундуз Бекбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гаджетти колдонуп жатканда бөлмө сөзсүз түрдө жарык болушу шарт. Өзүнөн чыккан нурга таянып, жарыкты өчүрүп салуу көзгө олуттуу зыян алып келет.

"Телефон аппараттары, смартфон деги эле гаджеттерди ченемсиз колдонуу көзгө олуттуу зыян алып келет. Өзгөчө студенттер күндүз сабакка байланыштуу же жөн деле адат кылып смартфондорун карай беришет. Ал эми түнкүсүн каражат табуу үчүн иштегендери бар. Жыйынтыгында көзгө күч келип, бир эки жылдан соң көйгөй башталат. Ошондой эле смартфон, телефондорду, үйдөгү интернет кармаган бардык жабдууларды уктаар алдында өчүрүп коюу зарыл. Булар да көз ооруларын чакырат", — деди Бекбоева.

Офтальмолог көздүн көрүүсүн бир калыпта кармоо үчүн карагат, сабизди көп жеш керектигин жана атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0