Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов радиодо. Архивдик сүрөт

Кеңешов: алгачкы жардам боюнча окутууларды өткөрүп келебиз

60
(жаңыланган 11:27 10.08.2018)
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов ар бир жаран алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнүп алса болорун айтты.
Кеңешов: алгачкы жардам боюнча окутууларды өткөрүп келебиз

Мектептерге алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуулар өткөрүлүп келет. Бул тууралуу Улукбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул нерсеге кызыккан окуучулар арбын.

"Биз окуутуу учурунда шаардагы жана аймактардагы мектептерге барып, окуучуларга алгачкы жардам көрсөтүү канчалык маанилүү экендигин жана анын эрежелерин түшүндүрөбүз. Балдарды кызыктыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонобуз. Мисалы, оюндарды уюштуруп,  Тез жардам кызматы келгенче эмне кылып адамдын өмүрүн сактап калса болорун кенен көрсөтөбүз. Окуучулар да кызыгып, активдүү катышып беришет", — деди инструктор.

Адис алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнгүсү келгендер Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү бөлүмүнө кайрылса болорун кошумчалады.

60
Белгилер:
жай, жардам, Кызыл жарым ай коому
Тема боюнча
Кеңешов: ысыктан адам эс-учун жоготуп куласа аны дароо тургузбаш керек
Психолог, үй-бүлөлүк консультант Узара Мамытова

Мамытова: көп ата-эне баланын кемчилигин гана айтып, жакшы жактарын белгилешпейт

133
(жаңыланган 15:49 22.01.2021)
Психолог, үй-бүлөлүк консультант Узара Мамытова ата-эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланыштын жоктугу бир топ маселенин башталышы экенин айтты.
Мамытова: көп ата-эне баланын кемчилигин гана айтып, жакшы жактарын белгилешпейт

Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле анын калыптануусуна, келечекте ар тараптуу адам болуп чоңоюп, ийгиликтерге жетүүсүнө таасир этет. Бул тууралуу Узара Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизде ата-энелер баланын кемчилигин гана айтып, жакшы жактарын белгилешпейт.

"Учурда адамдар үй-бүлөдөгү ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылышууда. Анын ичинен ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле чоң маселе бойдон калууда. Бул өз ара сүйлөшүүнүн жоктугунан, учурунда ата-эне бала менен убакыт өткөрбөгөндүктөн, бири-бирин толук тааныбагандыктан келип чыгат. Баланын жөндөмдүүлүгүнө, кызыгуусуна жараша кесип тандоого, окууга шарт түзүү маанилүү. Ага сенин колуңдан келбейт деп айтуу келечекте ишенимсиз болуп калуусуна түрткү болот. Азыр чоң эле кишилер ушундай маселесин айтып кайрылышат. Себеби кичинесинде ага ата-энеси ишеним арткан эмес. Жаш куракты эске алып, чоңдор өзгөчө өспүрүм балага маани бериши зарыл. Ошондой эле баланы ага эч кандай шарт койбой эле сүйүүгө үйрөнсөк. Анын сабактан "беш" алганы, жардам бергени же башка иш кылганы үчүн жакшы көрбөшүңөр керек. Сүйүүнү сезген бала мээримдүү, ата-энесинин айтканын эки кылбаганга аракет кылат. Айрым учурда  "элдин балдары" менен салыштырышат. Башкалар менен салыштыруу баланын өзүнө болгон баанын төмөндөшүнө, күчүнө ишенбешине алып келет", – деди Мамытова.

Психолог бала ата-энеге сунуш менен кайрылса "жөн эле кой, болбойт же кыла албайсың" дебестен туура жол көрсөтүп, башка варианттарды айтуу керектигин кошумчалады.

133
Белгилер:
мамиле, бала, ата-эне, психолог
Тема боюнча
Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов

Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган

28
(жаңыланган 11:35 22.01.2021)
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов К5 классындагы күйүүчү майга салыштырмалуу К2нин зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу 50 эсе көп экендигин айтты.
Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган

ЕАЭБдин алкагында сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда атмосфераны булгаган сапатсыз майды көмүскө ташып келүү уланууда. Бул тууралуу Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Европада сапаттуу күйүүчү майды колдонуу менен атмосферага күкүрттүн, азот оксидинин бөлүнүп чыгуусу 97-98 пайызга чейин кыскарган.

"ЕАЭБдин алкагында сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган. Кыргызстан дагы бул багыттагы тийиштүү документтерге 2015-жылы эле кол койгон. Бирок биздин бийлик учурунда экономикалык абалды эске алуу менен сапаттуу күйүүчү майды колдонууну убактылуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Ошондо 48 айга өткөөл мезгил берилген. Натыйжада 2019-жылдын 12-августунан тарта техникалык регламент күчүнө кирип, сапатсыз күйүүчү майды ташып келүүгө тыюу салынган. Ошого карабастан ыплас иш менен алектенгендер аткезчилик аркылуу сапатсыз күйүүчү майды дагы деле алып кирип жатышат. Анын атмосферага тийгизген терс таасири күчтүү. 1999-жылы класстык күйүүчү май чыкканда, евро 2 дегени пайда болгон. Ал май К2 деп айтылат. Муну колдонгон бир автоунаадан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар К5 классындагы май куюп жүргөн 50 автомобилдикине тете", — деди Эшатов.

Ошондой эле ал эски автоунааларга сапаттуу күйүүчү майды колдонуу натыйжа бербейт деген пикир жаңылыш экенин кошумчалады.

28
Белгилер:
атмосфера, Евразиялык экономикалык биримдик, Күйүүчү май
Тема боюнча
Нефтетрейдерлер министрликтин күйүүчү май боюнча божомолуна каршы пикир айтты
Атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Жыргап күлүп, кучакташып... Макгрегор менен Порьенин көз караштар таймашы

0
(жаңыланган 22:32 22.01.2021)
Эки белгилүү мушкердин кармашы жекшембиде Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Атлеттер жети жыл мурун октагондо кезигишкен.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.

Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Кармаш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Атлеттер жылдызы жанып келе жаткан мезгилде, 2014-жылы беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.

0
Белгилер:
видео, кармаш, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Макгрегор — Порьенин кармашын кайдан көрүүгө болот? Түз эфирлердин тизмеси
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео