Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: Кыргызгидромет берген маалыматтын 90 пайызы туура чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель Агентства по Гидрометеорологии при МЧС КР Рыскелди Асанходжаев
Заместитель Агентства по Гидрометеорологии при МЧС КР Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев аба ырайын алдын ала бир айга божомолдоого мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
Асанходжаев: Кыргызгидромет берген маалыматтын 90 пайызы туура чыгат

Кыргызгидромет берген маалыматтын 90 пайызы туура чыгат. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде Кыргызстанда аба ырайын алдын ала билүүгө жетиштүу шарттар түзүлгөн.

"Эми техника деген техника да. Канчалык техника күчтүү болбосун баары бир аны адам фактору иштетет. Азыркы кезде Кыргызгидромет берген маалыматтын 90 пайызы туура чыгат. Эгер кызматкерлер тарабынан катачылык кетип, күн мурунтан туура эмес маалыматты таратып жиберишсе, анда сөзсүз жазасын алат", — деди орун басар.

Асанходжаев ар бир айдын 15инде кийинки айга карата болжолдонуп, чыгып каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0