Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулмендеев: "Мөңгү" кинофорумунда тасмалар ачык асман алдында көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция "О программе кинофестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"
Пресс-конференция О программе кинофестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мөңгү" кинофорумунун көркөм жетекчиси Таалайбек Кулмендеев жаратылышты сактап калууга эл жалпы аракет кылуусу керектигин айтты.
Кулмендеев: "Мөңгү" кинофорумунда тасмалар ачык асман алдында көрсөтүлөт

3-7-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтчү "Мөңгү" кинофорумунда тасмалар ачык асман алдында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кырчын жайлоосунда эки боз үй кинотеатрдын ордунда болмокчу.

"Аталган кинофорумда тандалган тасмалар ачык асман алдында көрсөтүлөт. Ага ар бир каалоочу катыша алат. Жергиликтүү тургундардан сырткары, аймактардан келген жана чет элдик туристтерди да күтүп жатабыз. Эл аралык кинофорум болгондуктан фильмдер субтитр менен коюлуп, ар бир келген конокко түшүнүктүү болот. Аталган иш-чаранын негизги максаты — жаратылыш көйгөйлөрүн тасмадан көрсөтүп, алдын ала маселелерди чечүүгө түрткү берүү ", — деди Кулмендеев.

Ал азыркы кезде коомдун эң маанилүү маселеси бул экологиялык көйгөйлөр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0